Максаты жана тематикасы
«Архитектура. Курулуш» журналы архитектура, курулуш жана урбанистика тармагындагы заманбап изилдөөлөрдү жана инновацияларды чагылдырат жана теориялык аспектилерден тартып, туруктуу өнүгүүгө багытталган практикалык чечимдерге чейин камтыйт. Журналдын максаты – архитектуралык дизайн, шаар куруу, курулуш инженериясы, курулуш башкаруусу жана ушул тармактагы инновациялык технологиялар боюнча негизги багыттарда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жарыялоо. Журнал эки негизги рубрикадан турат: Архитектура жана Курулуш. Негизги жарыялануучу багыттар төмөнкүлөрдү камтыйт:
Архитектура
- Архитектуралык жана ландшафттык дизайн – архитектуралык чөйрөнү түзүүнүн эстетикалык, функционалдык жана экологиялык аспектилерин изилдөө, дизайн принциптери жана ландшафтты урбанистикалык мейкиндикке интеграциялоо.
- Шаар куруу, пландоо жана жарандык инженерия – шаарларды мейкиндикте натыйжалуу пландаштыруу методдорун анализдөө жана иштеп чыгуу, урбанистикалык өнүгүү стратегиялары жана жарандык курулуштагы заманбап ыкмалар.
- Smart built чөйрө – санариптик технологияларды курулушка жана шаар чөйрөсүн башкарууга интеграциялоо, «акылдуу шаар» концепциялары жана алардын жашоо сапатына тийгизген таасири.
- Органикалык архитектура, реставрация жана тарыхый эстеликтерди реконструкциялоо – экологиялык жана табиятка багытталган архитектуранын принциптерин изилдөө, маданий мурастарды сактоо ыкмалары, тарыхый имараттарды учур талаптарына адаптациялоонун заманбап ыкмалары.
Курулуш
- Материал таануу, колористика жана курулуш технологиялары – жаңы материалдарды иштеп чыгуу, алардын касиеттерин изилдөө, түстүн жана текстуранын архитектуралык чечимдерге тийгизген таасири, инновациялык курулуш технологиялары.
- Курулуш конструкциялары, топурак механикасы жана пайдубалдар – конструкцияларды долбоорлоодогу жана эсептөөдөгү инновациялар, имараттардын туруктуулугун изилдөө, пайдубалдардын табигый чөйрө менен өз ара аракеттенүүсүн изилдөө.
- Технология, моделдөө жана курулуш өндүрүшүн уюштуруу – курулуштагы санариптик инструменттер жана BIM-технологиялары, процесстерди автоматташтыруу, курулуш өндүрүшүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу.
- Инженердик тармактар жана курулушта энергияны сарамжал пайдалануу – имараттардын жашоо-тиричиликке зарыл болгон системаларын өркүндөтүү, энергияны сарамжал пайдалануу жаатындагы инновациялык чечимдер, курулуш тармагына орду толукталып туруучу энергия булактарын киргизүү.
Журнал фундаменталдык изилдөөлөрдү да, натыйжалуу, эстетикалык жактан көркөм жана экологиялык жактан коопсуз чөйрөнү түзүүгө багытталган практикалык эмгектерди да камтыйт. Журналга эмгектерин жарыялоого окумуштууларды, архитекторлорду, инженерлерди жана тектеш тармактардын адистерин чакырабыз.