Кызыкчылыктардын кагылышы
Журналдын редколлегиясы журналды чыгарууда объективдүүлүк жана ачыктыкты камсыз кылууга умтулат, ошондуктан бардык авторлор, рецензенттер менен редакторлор кызыкчылыктардын потенциалдуу кайчылаштыгын ачык айтуулары зарыл. Мындай саясат кызыкчылыктарды кагылышы изилдөөлөрдүн жыйынтыгына жана материалды жарыялоо тууралуу чечимге терс таасирин тийгизбешине багытталган.
Авторлор тараптан кызыкчылыктар кайчылаштыгы
Авторлор макаланы тапшырган кезде бардык мүмкүн болгон кайчылатыктар тууралуу кабардар кылышы зарыл. Бул маселеде каржылык мамилелер, жумушка орношуулар, гонорар, кампанияларга катышуу же автордук патентке берүү, ошондой эле башка дагы жеке карым-катыш, академиялык атаандаштык, идеологиялык же диний ишенимдер дагы болушу мүмкүн. Бардык кайчылаштыктар так идентификацияланган болушу абзел, анткени авторлор алдын ала атайын бир багытты көздөшкөнбү, эгер ошондой болсо бу ишкее таасири кандай экендигин баамдашкандыгы туура. Макаланын аягында «Кызыкчылыктардын кайчылашы» деген эскертүү болот, эгерде андай жок болсо жок деген эскертүү болот.
Рецензенттердин тараптан кызыкчылыктар кагылышы
Рецензенттер кол жазманы объективдүү баалоосуна таасир этиши мүмкүн болгон бардык конфликттерди декларациялоого тийиш. Эгерде төмөнкү жагдайлар болсо, алар редакцияга дароо билдириши керек:
- Автор(лор) же изилдөөгө тартылган уюм(дар) менен каржылык же жеке байланыштары бар.
- Рецензияланган макала алардын жеке изилдөөсү менен түздөн-түз атаандаштыкта турат.
- Достук, атаандаштык ж.б. сыяктуу жеке кызыкчылыктар же субъективдүү мамилелер объективдүү баалоого тоскоолдук кылышы мүмкүн.
Эгерде мындай конфликт аныкталса, рецензенттер кол жазманы карап чыгуудан баш тартууга тийиш.
Редакторлор тараптан кызыкчылыктар кайчылаштыгы
Редакторлор дагы кызыкчылыктардын потенциалдуу кайчылаштыгы болсо билдирүүсү зарыл, анткени бул жагдай макала тууралуу калыс чечим кабыл алууга таасирин тийгизиши мүмкүн. Редакторлор эгерде:
- Авторлор же алар иштеген уюм менен кызыкчылыктардын кагылышы пайда болуучу каржылык, жеке, академиялык же башка карым-катышы болсо;
- Эгерде алар макалага авторлош болсо же автор же авторлор менен бир бир уюмда иштесе;
- Алардын процесске катышуусуна алдын ала күмөн туулса, макаланы окуудан баш тартуусу зарыл.
Мындай шартта редактор макаланы башка редакторго же көз каранды эмес экспертке бериши керек.
Журнал кызыкчылыктардын кайчылаштыгын ачыкка чыгарууну кепилдейт, ал ар бир макаланын аягында эскертүүдө берилет. Журналды чыгарууга бардык катышкандар (авторлор, рецензенттер, редакторлор) илимий коммуникациянын объективдүүлүгү менен чынчылдыгын камсыз кылуу максатында ушул саясатты кармануусу зарыл.