Макалаларды чакыртып алуу эрежеси

  • Биз COPE принциптерине баш ийип, мүмкүн болгон бардык укук бузууларга каршы турабыз. Айрыкча, эмгектердин түп нускасын текшерүүгө жана плагиатты болтурбоого өзгөчө көңүл бурабыз.

Кол жазманы кайра тапшыруу

Авторлор уникалдуу болгон жана башка журналга берилбеген кол жазмаларды тапшырууга тийиш (айрым өзгөчө жагдайларды жана рецензенттин макулдугун эске албаганда). Кээде авторлор бул талапты аткарбай, бир эле документти бир нече журналга жөнөтүшөт же бир эле изилдөөгө негизделген бир нече документти тапшырышат. Плагиат сыяктуу эле, кол жазманы кайра тапшыруу ар кандай формаларды камтышы мүмкүн: сөзмө-сөз көчүрүү, жарым-жартылай, бирок олуттуу деңгээлде көчүрүү же изилдөөнү кайра жазып берүү. Бул саясатты бузуу кол жазманын дароо четке кагылышына жана авторлорго карата мүмкүн болгон санкцияларга алып келет


Цитаталарды манипуляциялоо

Эгерде кол жазмада атайын  бир автор же бир журнал үчүн шилтемелердин санын жасалма көбөйтүү максаты менен кошулган цитаталар табылса, анда ал дароо четке кагылат. Ошондой эле авторлорго карата санкциялар колдонулушу мүмкүн.


Маалыматтарды бурмалоо

Эгерде жарыялануучу макалада бурмаланган же жасалма эксперименттик жыйынтыктар (мисалы, сүрөттөрдү өзгөртүү) табылса, анда ал дароо четке кагылат жана авторлорго санкциялар колдонулушу мүмкүн.

Эгерде шек жараткан мыйзамсыз аракеттер же алдамчылык байкалса, журнал COPE көрсөтмөлөрүнө ылайык иликтөө жүргүзөт. Эгерде иликтөө негиздүү шектенүүлөрдү тастыктаган болсо, анда тиешелүү авторлор менен байланышка чыгып, маселени чечүүгө үчүн мүмкүнчүлүк берилет. Түзүлгөн кырдаалга жараша журнал төмөнкүдөй чараларды көрүшү мүмкүн:

  1. Эгерде кол жазма каралып жаткан болсо, ал четке кагылат жана авторго кайтарылат.
  2. Эгерде макала буга чейин онлайн жарыяланган болсо, шартты бузуунун мүнөзүнө жана оордугуна жараша чечим кабыл алынат.

Түзөтүүлөр

Эгерде жарыяланган макалада олуттуу же башка ката (мисалы, эксперименттик ката же эсептөө жаңылыштыгы) табылса, анда түзөтүү жарыяланат.


Erratum

Erratum журналдык макаланы даярдоодо биз олуттуу ката кетирген учурда колдонулат. Бул ката кетирүү авторлор талап кылган далилдерди оңдоо иштеринин журнал тарабынан белгиленген мөөнөттө жана журналдын саясатына ылайык аткарылбаган учурларды да камтыйт. Олуттуу ката – бул илимий жазууга, макаланын илимий бүтүндүгүнө, авторлордун же журналдын беделине таасир эткен ката.


Сorrigendum

Эгерде ката авторлор  тарабынан кетсе, анда Corrigendum жарыяланат. Бардык түзөтүүлөр журналдын редакциясы тарабынан бекитилет.


Түзөтүүлөрдү жарыялоо процедурасы

  1. Түзөтүүнү авторлор, редакторлор же окурмандар сунуштай алат.
  2. Редакция өтүнүчтү карап чыгып, зарыл болсо, авторлор менен кеңешет.
  3. Түзөтүү тастыкталып, бекитилген сон, ал баштапкы жарыяланган макалага шилтеме берилген өзүнчө документ катары «Түзөтүү»  деген эскертүү менен жарыяланат.

Макаланы артка кайтаруу (Ретракция)

Кээ бир учурларда, журналдын редакциясы макаланы артка кайтаруу (ретракциялоо) жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. Ретракциянын негизги себептери:

  • Изилдөөнүн жыйынтыктары ишенимсиз экени далилденсе (мисалы, жасалма маалыматтар же сүрөттөр менен манипуляция кылуу).
  • Изилдөөнүн жыйынтыктары мурун башка жерде жарыяланган болсо, бирок тиешелүү шилтемелер, лицензия же негиздеме жок болсо (мисалы, кайталанма же ашыкча жарыялоо).
  • Изилдөө плагиат экени аныкталса же авторлукка байланыштуу алдамчылык бар экендиги далилденсе.
  • Рецензиялоо процесси бузулгандыгы аныкталса.
  • Изилдөө этикалык нормаларга каршы келсе же кесиптик этиканын кодекстерин бузса.

Ретракциялоо өтүнүчүн авторлор, редакторлор же үчүнчү тараптар бере алышат. Редакциялык кеңеш иликтөө жүргүзүп, зарыл болсо, тышкы эксперттердин пикирин эске алат. Акыркы чечимди журналдын башкы редактору же анын орун басары кабыл алат.

Ретракцияланган макалага кандай өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн:

  • Жарыяланган макалага «Ретракция» деген суу белгиси кошулат.
  • Макаланын аталышы «Ретракция: [Макаланын аталышы]» болуп өзгөртүлөт.
  • Ретракция жөнүндө өзүнчө билдирүү жарыяланат.

Ретракция жөнүндө билдирүү редакторлор тарабынан бекитилет жана DOI идентификатору берилет.


Айрым учурларда, журналда карала турган илимий макаланын авторлору кол жазмасын кайтарып алуу өтүнүчүн бере алышат. Тиешелүү өтүнүч макала жарыяланганга чейин гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Кол жазманы жокко чыгаруу үчүн авторлор журналдын редакциясына чакыртып алуунун себептерин так жана түшүнүктүү түшүндүрмөнү камтыган кат менен кайрылышы керек. Кат кыска жана макаланын бардык авторлору тарабынан кол коюлушу керек. Жокко чыгарылган кол жазма басмакананын маалымат базасынан толугу менен алынып салынат, бирок автордук укук макаланын авторлорунда калат.


Кошумча жоболор

 

  • Массалык манипуляциялар жана «paper mills»

Эгер макала «фабрикалар» («paper mills») же башка системалуу алдамчылык практикалары менен байланышкан публикациялар тобунун бир бөлүгү экени аныкталса, редакция макаланы пакеттин бир бөлүгү катары ретракциялоо чечимин кабыл алууга укуктуу. Ретракция жөнүндө билдирүүдө сөзсүз түрдө макала окшош бузулуулар таасир эткен иштер тобуна таандык экени көрсөтүлөт.

  • Жасалма интеллектти колдонуу

Рукописьте текстти, сүрөттөрдү же башка маалыматтарды түзүү үчүн жасалма интеллект системаларын жашыруун же жарыяланбаган колдонуу олуттуу бузуу катары каралат жана ретракциялоого негиз болушу мүмкүн. Авторлор мындай инструменттерди колдонуу тууралуу ачык маалымат берүүгө милдеттүү. Мындай фактыларды жашыруу ретракцияга негиз катары каралышы мүмкүн. Редакция рукописьтерди генеративдик жасалма интеллект системаларын колдонуу жагынан текшерүү укугун сактап калат. Бул үчүн автоматташтырылган аныктоо куралдары, рецензенттердин эксперттик баалоосу жана авторлорго кошумча суроолор колдонулушу мүмкүн.

  • Авторлукту жасалмалоо жана инсанды уурдоо

Авторлук жасалма экендиги, башка адамдардын жеке маалыматтары (аты-жөнү, ORCID ж.б.) колдонулгандыгы, ошондой эле жашыруун же мажбурлап кошулган авторлук ырасталган учурларда рукописьтер артка чакырылат.

  • Кооптонууну билдирүү (Expression of Concern)

Макаланын ишенимдүүлүгүнө же академиялык чынчылдыкты бузууга олуттуу шек туулганда, бирок дароо ретракциялоо үчүн жетиштүү далилдер жок болгондо, редакция кооптонууну билдирүү жарыялай алат. Мындай билдирүү өзүнүн DOI менен камсыздалат, оригиналдуу макала менен байланыштырылат жана жарыялануу себептерин кыскача түшүндүрмө камтыйт. Кооптонууну билдирүү редакциялык иликтөө аяктаганга чейин жеткиликтүү бойдон калат.

  • Процедуралардын ыкчамдыгы

Тууралоолорду, кооптонууну билдирүүлөрдү же ретракцияларды жарыялоо чечимин редакция кабыл алып, олуттуу бузулуулар аныкталгандан кийин эң кыска мөөнөттө ишке ашырат. Авторлор менен текстти акыркы макулдашуу мүмкүн болбогон учурларда, редакция илимий бүтүндүктү сактоо максатында билдирүүнү дароо жарыялоо укугун сактап калат.

  • Ретракцияланган макалалардын жеткиликтүүлүгү

Ретракцияланган макалалар журналдын архивдеринде жана маалымат базаларында «Ретракция» деген так белги менен ачык жеткиликтүү бойдон калат. Толук өчүрүү өзгөчө учурларда гана мүмкүн, ал учурда колдонулуп жаткан мыйзамдар талап кылат (айрыкча, жеке маалыматтарды коргоо, автордук укуктарды бузуу, сот чечимдерин аткаруу же коопсуздукка байланыштуу жагдайлар).