Автордук укуктарды өткөрүп берүү келишими
Лицензиялык шарттар: бардык материалдар Creative Commons Attribution License International CC-BY лицензиясынын шарттарында таркатылат.
Төмөндө келтирилген Келишимдин шарттарын кабыл алуунун фактысы – автор өз материалдарын лицензиаттын басылмаларында жарыялоого берүү болуп эсептелет.
Бул келишим аркылуу автор төмөнкүлөрдү тастыктайт:
- Башка адамдардын же уюмдардын автордук укуктарын бузбайт.
- Башка басылмаларда мурда жарыяланган эмес жана башка басылмаларга жарыялоо үчүн берилген эмес.
Автор өз эмгегине автордук укуктарды сактап калат, ал эми басма Creative Commons Attribution License International CC-BY лицензиясынын шарттарында биринчи жарыялоо укугуна ээ болот, анын ичинде:
- Макалаларды англис тилинде жарыялоо жана алардын басма нускаларын таратуу.
- Орус же кыргыз тилдериндеги макалаларды англис тилине которуу жана алардын басылма нускасын таратуу.
- Макаланын электрондук версиясын, ошондой эле анын англис тилиндеги котормосунун электрондук версиясын (орус же кыргыз тилиндеги макалалар үчүн) бардык электрондук каражаттар аркылуу таркатуу (журналынын расмий веб-сайтына жайгаштыруу, электрондук маалымат базаларында, репозиторийлерде жана башка платформаларда).
Бардык учурларда макалага библиографиялык шилтеменин же анын электрондук көчүрмөсүнө расмий сайттагы гипершилтеменин болушу милдеттүү.