Рецензиялоо процесси

Рецензиялоо (эксперттик баалоо) кол жазмалардын илимий-теориялык деңгээлин жогорулатуу максатында «Архитектура. Курулуш» журналы тарабынан жүргүзүлөт. Рецензиялоонун максаты – авторлордун кол жазмаларын кылдат тандап алуу, материалдын сапатын объективдүү баалоо жана анын илимий, адабий жана этикалык стандарттарга шайкештигин аныктоо. Бардык рецензенттер объективдүү болуп, Жарыялоонун этикалык жоболорун сактоого тийиш.

1. «Архитектура. Курулуш» журналы эки жолу жашырын (анонимдүү) рецензиялоо принцибин карманат:

  • рецензенттер авторлордун жеке маалыматтарын билишпейт.
  • авторлор рецензенттин ким экенин билишпейт

2. Редакцияга келген илимий макалалар Жарыялоо шарттары бөлүмүндө көрсөтүлгөн талаптарга шайкештиги боюнча текшерилет. Илимий макалалар үчүн Жалпы талаптарга ылайык түзүлгөн, редакциянын баштапкы көзөмөлүнөн жана автордук укук боюнча текшерүүдөн өткөн макалалар гана рецензиялоого кабыл алынат.

3. Илимий макаланын баштапкы экспертизасын башкы редактор же анын орун басары жүргүзөт. Эгерде башкы редактор макалага жеке кызыкчылыгы бар болсо (автор, авторлош болсо же авторлор менен туугандык, кесиптик байланышы бар болсо) экспертизаны орун басары же калыс редакциялык коллегиянын мүчөсү жүргүзөт. Жиберилген материалдар журналдын тематикасына ылайык болушу керек. Эгерде жарыялоо талаптары сакталса, макалага каттоо номери ыйгарылып, автор тууралуу маалымат редакциялык топ тарабынан өчүрүлөт.

4. Анонимдүү макала төмөнкү даректерге:

  • макаланын илимий багытына жооптуу редакциялык коллегия мүчөсүнө.
  • эки көз карандысыз тышкы эксперт-рецензентке жөнөтүлөт.

Тышкы рецензенттер катары илимдин тиешелүү тармагында адистешкен докторлор тартылат. Аларга редакциянын атынан рецензиялоо өтүнүчү жөнөтүлүп, макаланын анонимдүү нускасы жана стандарттык рецензия формасы тиркелет. Рецензенттер макаланын автору иштеген мекемеге тиешеси жок болушу зарыл жана рецензент менен автордун кызыкчылыктары кайчы болбошу абзел.

5. Илимий макалаларды рецензиялоо учурунда төмөнкү маселелер каралат:

  • макаланын мазмуну анын аталышына шайкештиги.
  • илимий маселенин актуалдуулугу жана жаңылыгы.
  • изилдөөнүн практикалык мааниси.
  • окурмандар үчүн баалуулугу.

6. Рецензенттер стандарттык рецензия формасын толтуруп, төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алышат:

  • макаланы жарыялоо үчүн сунуштоо.
  • майда оңдоолордон кийин жарыялоо үчүн сунуштоо.
  • чоң өзгөртүүлөрдөн кийин жарыялоо үчүн сунуштоо.
  • жарыялоого сунуш бербөө.

Эгерде рецензенттер макаланы четке кагуу же түзөтүү боюнча сунуш беришсе, анда алар аргументтелген жазуу түрүндөгү түшүндүрмө беришет. Кол коюлган рецензиялар (электрондук же кол тамга менен) журналда макала жарыяланган күндөн тартып үч жыл бою сакталып турат.

7. Редакциялык коллегиянын чечими авторлорго жөнөтүлөт. Түзөтүү талап кылынган макалалар рецензенттин аты-жөнүн көрсөтпөстөн, рецензиянын тексти менен бирге жөнөтүлөт. Жаңыртылган макала кайрадан рецензияга берилет жана рецензенттер кошумча оңдоолорду талап кыла алышат. Түзөтүүлөр макаланын сөзсүз кабыл алынышына кепил болбойт, эгерде рецензенттер өзгөртүүлөр жетишсиз деп эсептесе, макала четке кагылат.

8. Башкы редактор рецензенттердин пикирлерин талдап чыгып, журналдын талаптарына шайкештигин эске алуу менен акыркы чечимди кабыл алат. Башкы редактор өзүнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн же кесиптештеринин макалалары боюнча чечим кабыл алууга катышпайт. Ошондой эле кызыкчылыгы бар продукция же кызмат боюнча материалдарды карабайт. Мындай макалалар көз карандысыз рецензиялоо процедурасынан өтөт, ал эми акыркы чечимди башкы редактордун орун басары кабыл алат.

Эксперттик баалоонун стандарттык мөөнөтү: 2-4 жума

Биринчи чечим кабыл алуунун орточо убактысы: 4-8 жума

 

СТАНДАРТТУУ РЕЦЕНЗИЯ ФОРМАСЫ