Жарыялоо этикасы

«Архитектура. Курулуш» илимий журналынын редакциялык коллегиясы өз ишинде илимий басылмалардын эл аралык этикалык эрежелерин карманат. Бул эрежелерге адептүүлүк, купуялуулук, басылмаларды көзөмөлдөө, мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кайчылашын эске алуу жана башка принциптер кирет.

Редакция Committee on Publication Ethics сунуштарын жана тактап айтканда Elsevier басмасынын "Publishing Ethics Resource Kit" документин жетекчиликке алат.

Журналдын редакциялык коллегиясы төмөнкү жарыялоо этикасынын принциптерин сактайт:

  • Басылманын негизги принциптерин сактоо: илимий сапаттуулук, объективдүүлүк, кесипкөйлүк, маанилүү инновациялык изилдөөлөрдү маалыматтык колдоо.
  • Журналды даярдап чыгаруу процессине катышкан бардык тараптарга калыс жана сый мамиле кылуу.
  • Эки тараптуу анонимдүү рецензиялоо процессин колдонуу жана объективдүү, компетенттүү рецензенттерди тартуу.
  • Эл аралык маалымат базаларынын талаптарына ылайык материалдарды иштеп чыгууда авторлор менен туруктуу кеңеш берүү иш-чараларын жүргүзүү.

Маалымат алмашуу саясаты

Журнал илимий изилдөөлөрдүн ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн колдойт, ошол эле учурда авторлордун укуктарын коргойт жана этикалык нормаларды сактайт.

Жарыяланган макалалардагы маалыматтар редакция аркылуу расмий өтүнүч боюнча гана берилиши мүмкүн. Маалымат берүү үчүн автордун макулдугу талап кылынат.

Маалымат алуу үчүн кызыкдар тарап редакцияга өтүнүч жөнөтүшү керек. Өтүнүч максаты так көрсөтүлүшү керек. Бул өтүнүч авторго жиберилип, анын макулдугу талап кылынат. Макулдук берилсе, редакция арыз ээсине кийинки кадамдар тууралуу кабарлайт.

Редакция авторлорду маалыматтарын берүүгө милдеттендирбейт жана купуялуулукка, укуктук же этикалык чектөөлөргө байланыштуу бардык жагдайларды эске алат. Эгерде автор макул болсо, редакция арыз берүүчүгө андан аркы аракеттер тууралуу билдирет, анын ичинде жашырындуулук келишимине кол коюу жана маалыматтарды колдонууда этикалык принциптерди сактоо милдеттенмеси да болот.

Редакция авторлорду маалыматтарды берүүгө мажбурлабайт жана жашыруундуулук, укуктук же этикалык аспектилерге байланыштуу чектөөлөрдү эске алат. Эгерде автор баш тартса, редакция бул тууралуу арыз берүүчүгө билдирет.

Бардык маалыматтарды алуу  боюнча суроолор журналдын расмий электрондук почтасы аркылуу жөнөтүлүшү керек. Бул ыкма адилеттүү жана жөнгө салынган процессти камсыздайт, ошол эле учурда авторлордун укуктарын коргоп, илимий маалыматтарды этика алкактан чыкпай пайдаланууну камсыз кылат деп ишенебиз.


Жарыялоо чечимин кабыл алуу

Редактор макаланы жарыялоо тууралуу чечим кабыл алат. Ал журналдын саясатын карманат жана академиялык баалуулукка жана рецензенттердин корутундуларына таянат.

Редактор жалаа жабууга, автордук укуктарды бузууга жана плагиатка каршы күрөшүү принциптерин сактоого милдеттүү. Редактор жарыяланбаган маалыматтарды жеке изилдөөлөрүндө колдонууга укугу жок.

Редакторлор сунушталган макалалар боюнча этикалык даттанууларды карап чыгып, тиешелүү чечимдерди кабыл алышы керек.


Купуялуулук

Редактор менен редакциялык коллегия макалалар жөнүндө (авторлор, темалар, тексттер ж.б.) маалыматты үчүнчү тарапка чыгарбайт. Рецензиялоого кабыл алынган макалалар купуя документ катары каралат. Редактор менен редакциялык колегия авторлор, рецензенттер, башка илимий кенешчилер жана басма кызматкеринен башкаларга кол жазмалар тууралуу маалыматты дайыны жок таратпоого милдеттенме алат.


Кызыкчылыктардын кайчылашын жөнгө салуу

Жарыяланбаган материалдар редактор, рецензенттер же башка адамдар тарабынан автордун жазуу жүзүндөгү уруксаты жок колдонулбашы керек.

Редакторлор жана рецензенттер кызыкчылыктардын кайчылашы бар учурда өздөрүн кароодон четтетиши керек.

Редакциялык коллегия талаш-тартыштар жана даттануулар боюнча адилет чечимдерди кабыл алууга милдеттенет.

Редакторлор, рецензенттер жана илимий кеңешчилер авторлорго, компанияларга же кол жазмага тиешеси бар башка уюмдар менен атаандаштык, кызматташтык же башка байланыштардын негизинде кызыкчылыктардын кагылышуусу болгон учурда кол жазмаларды кароодон баш тартууга милдеттүү.

Редакциялык коллегия кол жазмаларга же жарыяланган материалдарга байланыштуу келип чыккан талаш-тартыштар жана дооматтар боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттенме алат.

«Архитектура. Курулуш» журналынын редакциясы окурмандар, рецензенттер же башка тараптар тарабынан иликтөөлөргө же публикацияларга байланыштуу айтылган мыйзамсыз аракеттер боюнча дооматтар же күмөн саноолор боюнча маселелерди карап чечүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары, басма талаштуу кырдаалдардын чечилиши тууралуу окурмандарды маалымдоо укугун өзүнө алат.


Жарыялангандан кийинки дискуссиялар саясаты

Биздин журнал жарыяланган илимий изилдөөлөр боюнча ачык жана конструктивдүү талкууларды жогору баалайт. Бул процесске көмөк көрсөтүү максатында, биз окурмандарды жана авторлорду PubPeer платформасында биздин макалалар боюнча талкууларга катышууга чакырабыз. PubPeer — жарыяланган макалаларга комментарий берүү үчүн абройлуу жана ишенимдүү платформа болуп эсептелет.

Биздин журналда жарыяланган бардык макалаларга DOI ыйгарылып, алар автоматтык түрдө индекстелет. Бул окурмандар үчүн макалаларга жеткиликтүүлүктү жеңилдетип, аларды PubPeer платформасында талкуулоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Талкуулар профессионалдуу деңгээлде, изилдөөнүн мазмунуна багытталган жана жогорку этикалык стандарттарга ылайык болушу керек.

PubPeer платформасында макалага байланыштуу негиздүү тынчсыздануулар билдирилсе, алар биздин журналдын этикалык нормаларына жана макалаларды кайтарып алуу саясатына ылайык каралат. PubPeer менен кызматташтык тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн алардын PubPeer.com расмий сайтына кириниз.

Биздин журнал жарыялангандан кийин ачык жана сый баарлашуу маданиятын өнүктүрүүгө умтулат.


Этика

Адамдардын катышуусу менен жүргүзүлгөн изилдөөлөр тиешелүү мекеме(лер)ге байланыштуу этикалык комитеттер тарабынан бекитилиши керек. Сурамжылоолор же маектердин жыйынтыктарын камтыган кол жазмада авторлор респонденттердин ыктыярдуу катышуусун камсыз кылганын, алардын жазуу жүзүндөгү маалымдуулукка негизделген макулдугун (жыйынтыктарды жарыялоого макулдук кошулган) алганын, ошондой эле купуялуулукту, анонимдүүлүктү жана дискриминация же басым көрсөтүүнүн бардык түрлөрүн болтурбоону камсыз кылышканын тастыктоосу зарыл. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн этикалуулугу негиздүү түрдө далилденип, мүмкүн болсо, төмөнкүдөй эл аралык кесиптик стандарттарга жана кодекстерге шилтемелер менен бекемделиши керек: Америкалык социологиялык ассоциациянын Этикалык кодекси (1997), ICC/ESOMAR’дын маркетингдик, коомдук жана социалдык изилдөөлөр жана маалымат анализи боюнча эл аралык кодекси (2025), ошондой эле Европа Комиссиясынын этика жана маалыматтарды коргоо боюнча көрсөтмөсү (2021).

Адамдардын катышуусу менен жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө маалымат берүүдө, авторлор төмөндө келтирилген стандарттарга ылайык изилдөө жүргүзүлгөнүн көрсөтүүгө тийиш. Изилдөөнү баштоодон мурун, анын улуттук жана эл аралык сунуштарга ылайыктуулугун ырастоо үчүн жергиликтүү институционалдык байкоочу кеңештин (IRB) же башка тиешелүү этикалык комитеттин колдоосу зарыл. Бардык катышуучуларга анонимдүүлүк камсыздаларын, изилдөө эмне үчүн жүргүзүлүп жатканы, алардын маалыматтары кантип колдонулары жана ага байланыштуу кандайдыр бир коркунучтар бар же жок экени тууралуу толук маалымат берилүүгө тийиш.

Эгерде изилдөө этикалык жактан колдоону талап кылбаса, авторлор этика боюнча комитеттен алынган тиешелүү бошотуу документин бериши же мындай изилдөөгө этикалык жактыруу талап кылынбай турганын көрсөткөн жергиликтүү же улуттук мыйзамдарга шилтеме келтириши керек.


Редакциялык коллегиянын милдеттери:

  • Авторлорго жана анын илимий изилдөөлөрүнө сый мамиле кылуу жана редакциялоонун купуялуулугун  сактоо материалды иштеп чыгууда ак ниет мамиле жасоо.
  • Автордун текстин уруксатсыз өзгөртпөө, редактордун ондоолорунан кийин  тексттин акыркы вариантын автор менен макулдашып чечүү.
  • Илимий баалуулугу жок, плагиат камтыган же мурун башка жерге жарыяланган, журналдын тематикасына туура келбеген же редакциянын саясатына карама каршы келген материалдарды жарыкка чыгарбоо.
  • Эки тараптуу жашырын рецензиялоону колдонуу жана объективдүү рецензенттерди тандоо.

Рецензенттердин милдеттери:

  • Бардык макалаларды калыс кароо.
  • Рецензиялоо мөөнөтүн сактоо.
  • Рецензиялоо үчүн берилген макаланы купуя сактоо, башкаларга таанышууга жол бербөө.
  • Жазылган рецензиялар дагы жашырын болушун камсыз кылуу.
  • Кол жазмадагы маалыматтарды башка жакка колдонбоо, объективдүү, негиздүү жана так баа берүү.

Автордун идентификациясы боюнча кызыкчылыктардын кайчылашы бар болсо, редакцияны кабардар кылуу. Эгерде макала рецензенттин илимий экспертиза тармагына туура келбесе дароо редакциялык коллегияга кабарлоо. Ар кандай күмөн туудурган илимий жактан этика бузулган учурларды  дароо редакцияга билдирүү.


Авторлордун милдеттери:

  • Илимий жаңы ачылыштарды, так маалыматтарды жана оригиналдуулугун камсыз кылуу.
  • Башка авторлордон алынган маалыматтардын  булагын туура көрсөтүү жана цитаталарды туура келтирүү.
  • Плагиатка жана автоплагиатка жол бербөө.
  • Макаланын мурун жарыяланбаганын жана башка жерге сунушталбаганын кепилдөө.

«Архитектура. Курулуш» журналына жарыялоо үчүн материалдарды жөнөтүү менен авторлор бул шарттарга макул болушат. Эгерде материалдар жарыялоо үчүн кабыл алынса, алар электрондук маалымат базаларына авторлук көрсөтүлүп жана автордук укуктар толук сакталып жайгаштырылышы мүмкүн.

Иштин текстинде сырткы маалымат булактары көрсөтүлүшү керек – адабияттар тизмеси түрүндө (анын ичинде авторлордун мурда жарыяланган эмгектери). Авторлор бардык заимствованияларды туура тариздөөгө милдеттүү – цитаталар же шилтемелер түрүндө.

Эгерде автор жарыяланган ишинде олуттуу каталар же так эместиктер бар экенин аныктаса, ал журналдын редакторуна кабарлап, тез арада оңдоо максатында редакция менен кызматташууга тийиш.

Эгерде үчүнчү жак редакторго жарыяда олуттуу каталар бар экендиги жөнүндө маалымат берсе, автор ишти кайтарып алууга же каталарды эң кыска мөөнөттө оңдоого милдеттүү.


Автор экендигин билдирүү

«Архитектура. Курулуш» журналынын редакциялык коллегиясы бардык авторлор макаланын мазмуну менен макул экенин, аны жарыялоого так макулдугун беришкен жана иш аткарылган институттун/уюмдун жооптуу өкүлдөрүнөн уруксат алышкан деп билет. Бул иштер макала редакцияга жөнөтүлгөнгө чейин аткарылышы керек. Бардык авторлор өз билдирүүсүндө(заявкасында) макаланын мазмуну менен макул болуп, жарыялоо үчүн расмий уруксат беришкенин ырасташат.

Авторлор төмөнкүлөрдү:

  • изилдөөнүн концепциясын иштеп чыгууга же маалыматтарды чогултууга, анализдөөгө жана интерпретациялоого олуттуу салым кошконун.
  • изилдөө материалын даярдап же анын интеллектуалдык мазмунун сын көз менен карап чыгышканын.
  • жарыяланган версияны жактырганын жана анын тактыгына жоопкерчилик аларын –  ырасташат.

«Архитектура. Курулуш» журналынын редакциялык коллегиясы изилдөө жүргүзүлгөн жердеги кесиптештер менен кызматташууну колдойт жана эгерде алар жогоруда сүрөттөлгөн бардык автордук критерийлерге жооп берсе, аларды авторлош катары кошууну күтөт. Бардык критерийлерге жооп бербеген авторлоштор «Ыраазычылык» бөлүмүндө көрсөтүлүшү керек.


Жарыялоо декларациясы

Макала мурун жарыяланбаган, башка басылмаларда каралып чыкпаган жана бардык авторлордун, тиешелүү мекемелердин макулдугу менен жарыяланган. Эгерде макала жарыялоого кабыл алынса анда башка басылмаларда ушундай эле формада англис же башка тилдерде жарыяланбайт.


Жарнама саясаты

Журнал эч кандай жарнаманы кабыл албайт. Журналдын каржылык модели академиялык калыстыкты жана редакциялык көз карандысыздыкты сактоо максатында түзүлгөн.


Изилдөөлөрдү каржылоо саясаты

«Архитектура. Курулуш» журналы илимий изилдөөлөрдү каржылоонун булактарынын максималдуу ачык-айкындуулугун камсыздоого умтулат. Бардык авторлор макалада баяндалган изилдөөгө карата каржылоонун булактарын төмөнкүдөй көрсөтүүгө милдеттүү:

  • илимий мекемелердин же фонддордун гранттары;
  • өкмөттүк же өкмөттүк эмес уюмдардан алынган каражаттар;
  • коммерциялык же жеке каржылоо булактары;
  • университеттерден, клиникалардан же башка уюмдардан алынган ички каржылоо.

Эгерде изилдөө эч кандай каржылык колдоого алынбаса, төмөнкүдөй көрсөтүлүшү керек: «Изилдөө каржыланган эмес».