Жарыялоо шарттары
Архитектура жана курулуш тармактары боюнча төмөнкү багыттардагы макалалар кабыл алынат жана каралат:
- Архитектура жана дизайн.
- Курулуш инженериясы жана технологиялары.
- Шаар куруу жана урбанистика.
- Реставрация жана реконструкция.
Макала журналдын редакциясына кыргыз, орус же англис тилдеринде тапшырылат. Бир макаланын автору 5 кишиден ашпоого тийиш. Редакцияга макаланы тапшыргандан кийин авторлордун курамына өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.
Макалалар электрондук форматта төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлөт: info@arch-constr-journal.com же сайттагы Макала жөнөтүү бөлүмү аркылуу да жиберсе болот.
Макалага өзүнчө файлга, авторлор жөнүндө маалымат үч тилде (кыргыз, орус жана англис): авторлордун фамилиясы, аты, атасынын аты, иштеген мекемеси жана почта дареги, байланыш телефондору, электрондук даректер, илимий даражасы жана кызматыозүнчө файлга тиркелиши керек. 2022-жылдын 1-октябрынан тартып ар бир автордун ORCID идентификациялык номери милдеттүү түрдө кошулушу керек. ORCID'ди расмий сайттан түзүүгө болот: https://orcid.org/.
Файлдардын аталышы автордун фамилиясына ылайык болушу шарт. Мисалы:Асаналиев_Макала, Асаналиев_Маалымат.
Макала кабыл алынган дата редакцияга келип түшкөн күндөн тартып эсептелет. Эгерде макала жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербесе, редакция аны карабоо укугун өзүнө калтырат жана бул тууралуу авторлорго кабарлайт.
Макаланын англис тилиндеги тексти (британиялык вариантта) кесипкөй түрдө которулган шартта гана кабыл алынат. Эгерде англис тилиндеги текст интернет-котормочулар (мисалы, Google Translate) аркылуу которулган болсо, материал кабыл алынбайт.