Дооматтарды кароо саясаты

Редакциялык коллегия бардык дат арыздарга өз убагында жана конструктивдүү түрдө жооп берет. «Архитектура. Курулуш» журналынын редакциясы ар бир дат арызды карап чыгып, анын мүнөзүнө жана татаалдыгына жараша, Публикациялык Этика Комитетинин (COPE) сунуштарын эсепке алуу менен чечимдерди кабыл алат.

Дат арыздарды  жана сунуштарды журналдын электрондук дарегине жөнөтүү керек info@arch-constr-journal.com. Бардык билдирүу, дат арыздар  30 иш күнүнүн ичинде каралат. Бирок, дат арыздын татаалдыгына жараша, маселени чечүү убактысы узартылышы мүмкүн.

Дат арыздар, билдирүүлөр кыска, так жана мазмундуу болушу керек, ошондой эле журналдын публикациялык этикасынын бузулганын далилдей турган жетиштүү маалыматты камтуусу зарыл. Мүмкүн болгон учурда, даттануу боюнча кошумча тастыктоочу документтерди берүү сунушталат.

Эгерде даттануу журналдын мүмкүнчүлүктөрүнөн тыш маселелерге байланыштуу болсо, мисалы, авторлорго, редакторлорго, рецензенттерге же редакциялык коллегияга карата жеке даттануу болсо, анда жооп катары журнал бул дат арызды кароо анын компетенциясына кирбегенин түшүндүрөт. Ошондой эле, журнал кордоо, коркутуу же жалаа жабуу мүнөзүндөгү дат арыздарды иликтөөдөн баш тартат.