Кол жазманы форматтоо талаптары

«Архитектура. Курулуш» журналы IMRAD эл аралык структурасына ылайык оригиналдуу илимий макалаларды, ошондой эле стандарттан тыш структурадагы обзордук жана теориялык макалаларды жарыялайт.


СТРУКТУРАЛЫК ЭЛЕМЕНТТЕР


  Илимий макала Обзордук же теориялык макала
Авторлор тууралуу маалыматтар Милдеттүү түрдө Милдеттүү түрдө
Макаланын аты Милдеттүү түрдө Милдеттүү түрдө
Аннотациясы Милдеттүү түрдө Милдеттүү түрдө
Түйүндүү сөздөр Милдеттүү түрдө Милдеттүү түрдө
Киришүү Милдеттүү түрдө Милдеттүү түрдө
Адабияттарга обзор Факультативдүү түрдө Факультативдүу түрдө
Материалдар жана методдор Милдеттүү түрдө Жок болот
Жыйынтыктар жана талкуу Милдеттүү түрдө Тематикалык бөлүмдөр боюнча структураланат
Корутунду Милдеттүү түрдө Милдеттүү түрдө
Ыраазычылыктар жана кызыкчылыктардын кайчылашы Милдеттүү түрдө Милдеттүү түрдө

Пайдаланылган булактар тизмеси

Милдеттүү түрдө Милдеттүү түрдө

Стандарттан тышкары  структурадагы макаланы колдонуу өзгөчөлүгү «Материалдар жана ыкмалар» бөлүмүнүн жоктугунда турат. Анын ордуна изилдөөнүн кыска, бирок толук методологиясы «Кириш сөз» бөлүмүнүн акыркы абзацында сүрөттөлүшү керек. Дагы бир айырмачылык – «Жыйынтыктар жана талкуу» бөлүмүнүн ордуна, мындай типтеги макалада кеминде эки өзүнчө бөлүм болушу талап кылынат жана алардын темалары тиешелүү мазмунду чагылдырышы керек (бул бөлүмдөрдүн аталыштары аз болгондо 5 сөздөн турушу шарт). Стандарттан тыш түзүлүштөгү макаланын акыркы өзгөчөлүгү – пайдаланылган булактардын тизмеси. Ал кеминде 50 адабий булактан (макалалар, китептер, диссертациялар) турушу керек.


ТЕХНИКАЛЫК ТАЛАПТАР


Кайсы тилде жарыяланат English
Файлдын форматы MS Word (*.doc, *.docx)
Барактын ориентациясы китеп түрүндө
Барактын форматы А4
Илимий макаланын көлөмү / Обзордук же теориялык макаланын көлөмү 4000 сөздөң жогору / 4500 сөздөн жогору
Шрифт Times New Roman
Барактын четтери барактын бардык тараптарынан 2 см аралык калышы керек
Саптардын аралыгы 1,0
Шрифттин өлчөмү 12 pt
Абзац 1,0
Тегиздөө барактын эни боюнча тегиздөө керек
Адабий булактар англис тилинде берилиши керек (адабий булактарды англис тилинде которгондо транслитерациялоого болбойт)
 

 Таблицалар, сүрөттөр, графиктер, формулалар

  • Таблицаларга, сүрөттөргө, графиктерге жана формулаларга номур коюлушу керек жана текстте аларга шилтеме берилгенден кийин ошого ылайык номур көрсөтүлүшү керек (эскертүүлөр таблицанын/сүрөттүн/графиктин астында жайгаштырылат). Кыскартылган сөздөрдүн бардыгы текстте биринчи жолу колдонулганда чечмеленип берилиши керек.
  • Формулалар Equation Editor редакторунда түзүлүшү керек, тексттеги математикалык өзгөрмөлүү чоңдуктар формулаларга ылайык курсив менен терилиши керек.
  • Сүрөттөр жана графиктер барактын так ортосуна жайгаштырылышы керек, сүрөттү тексттин арасына жайгаштырууга уруксат берилбейт.
  • Бардык физикалык  чоңдуктардын өлчөмдөрдү Эл аралык бирдиктер системасына (СИ) ылайык берүү керек. Өлчөө бирдиктеринин, белгилердин жана алар тиешелүү болгон сандардын ортосунда боштук коюлушу керек.

БӨЛҮМДӨРДҮН МАЗМУНУ


УДК индекси барактын сол тарап четине тегизделип берилет
Макаланы аты 12 сөздөн ашпоосу зарыл, барактын так ортосуна тегизделет; кыргыз,орус жана англис тилдеринде берилет, баш тамгалар менен калың шрифтте жазылат
Автор тууралуу маалыматтар Кыргыз, орус жана англис тилдеринде берилет, барактын так ортосуна тегизделет Авторлордун аты жана фамилиясы  ирети менен толук жазылат
 

Автор тууралуу маалыматтарда милдеттүү түрдө:

  • Аты жана фамилиясы.
  • Илимий даражасы жана кызматы.
  • Автор иштеген мекеменин структуралык бөлүмү.
  • Автор иштеген мекеменин толук расмий аталышы жана юридикалык дареги.
  • ORCID көрсөткүчү.
  • Байланышка чыгуучу электрондук дареги көрсөтүлүшү зарыл.

Аннотация

Аннотация маалыматка мол болушу керек (жалпы маалымат жазылбашы керек), структурасы так (материал логикалык сызыкта баяндалышы керек), мазмундуу (маалыматты төмөнкү схема боюнча түзүү зарыл: актуалдуулугу, максаты, изилдөө ыкмалары, алынган жыйынтыктары, изилдөөлөрдүн практикалык баалуулугу) жана көлөмү 200дөн 300гө чейин сөз болушу керек. Аннотацияга кыскартылган сөздөрдү, түшүндүрмөлөрдү жана шилтемелерди киргизбөө керек.


Түйүндүү сөздөр

Макаланын аталышын кайталабашы керек, жалпы сөздөрду колдонбоо керек, изилдөөнүн темасына тиешелүү 5-7 сөз же сөз айкашынан турат.


Киришүү

Бул бөлүмдө каралып жаткан маселенин дүйнөлүк деңгээлдеги учурдагы абалы чагылдырылып, акыркы изилдөөлөр жана жарыяланган эмгектер талдоого алынат. Бул үчүн тиешелүү илимий басылмаларга (акыркы 3-5 жыл ичиндеги 7-10 басылма) шилтемелер берилет. Изилдөөнүн актуалдуулугу, максаты, милдеттери жана илимий жаңылыгы негизделет. Адабияттарга шилтемелер тегерек кашааларда көрсөтүлүшү керек. Бир шилтемеде үчтөн ашык булакты келтирүүгө болбойт.


Материалдар жана методдор

Бул бөлүмдө илимий иштин негизги этаптары сүрөттөлүп, изилдөөдө жаңы жыйынтыктарды алуунун ыкмалары, усулдары, мамилелери жана иш-аракеттердин тандалышы негизделет. Эгерде макалада эмпирикалык бөлүк бар болсо, тандалып алынган стратегиялар менен критерийлерге түшүндүрмө берилет, изилдөөнүн эксперименттик базасы көрсөтүлөт. Баяндалган методология изилдөөнүн жүрүшүн так көрсөтүп, башка окумуштуулар ошол эле материалдар менен изилдөөнү кайталай алышына мүмкүнчүлүк түзүшү керек. «Материалдар жана ыкмалар» бөлүмү илимий иштин түзүмүндө милдеттүү түрдө камтылышы керек.


Жыйынтыктар

Бул бөлүмдө изилдөөдөн алынган илимий жыйынтыктар менен толук негизделген негизги материалдар берилет. Иштелип чыккан статистикалык маалыматтардын жыйынтыгы чагылдырылган таблица же графикалык материалдар сөзсүз түрдө кошо берилет. Булак көрсөтмөлөрү таблицалардын жана сүрөттөрдүн астына жайгаштырылат. Таблицаларда же графикалык материалдарда берилген маалыматтарды кайра текстте кайталоого жол берилбейт, баа берүүчү, талдоочу пикирлерди, методиканын сүрөттөлүш элементтерин баяндоодон алыс болуу керек. Сандык жыйынтыктар орточо ката, ишеним интервалдары же чоңдуктардын таралышы эске алынуу менен белгиленген эрежелер боюнча тегеректелиши керек. Изилдөөнүн жыйынтыктары жетиштүү деңгээлде негизделген, методологиялык жактан туура көрсөтүлгөн, жаңылыкка ээ жана практикалык мааниси болушу шарт.


Талкуу

Талкуу изилдөө жыйынтыктарын интерпретациялоого негизделиши керек. Бул бөлүмдө алынган жыйынтыктарды ушул тема боюнча башка авторлордун иштеринин жыйынтыктары менен салыштыруу зарыл: кандай жалпылыктар, кандай айырмачылыктар бар, ким башка аспектилерди караган ж.б.у.с. Изилдөөнүн жыйынтыктарын кыргызстандык гана эмес, чет өлкөлүк окумуштуулардын иштери менен да салыштыруу керек. Темага байланыштуу басылмаларды талдоо учурунда авторлордун фамилиялары жана алардын ишинин маңызы көрсөтүлүшү зарыл.


Корутунду

Корутунду изилдөөлөрдүн натыйжаларын толук жана конкреттүү чагылдырышы керек, макаланын максатына жана аталышына дал келиши керек, кыскача мүнөздөмөдөн сөзмө-сөз кайталоого жол берилбейт. Тандалган тема боюнча мындан аркы изилдөөлөрдүн келечегин көрсөтүү маанилүү.


Ыраазычылык

Бул бөлүм милдеттүү болуп саналат, анда белгилүү бир адамдарга же уюмдарга техникалык жардам көрсөткөнү, идеялары үчүн, изилдөөнү ишке ашырууга жардам берген каржылык (материалдык) колдоосу үчүн ыраазычылык айтылат. Эгерде ыраазычылык билдирүү жок болсо, анда «Жок» деп көрсөтүлүшү керек.


Каржылоо

Бул бөлүмдө авторлор изилдөөнү жүргүзүү үчүн алынган бардык каржылык колдоолорду көрсөтүшү керек. Эгерде эч кандай каржылык колдоо болбосо, төмөнкүдөй жазылышы керек: «Жок».


Кызыкчылыктардын кагылышы

Авторлор мүмкүн болгон бардык кызыкчылыктардын кагылышынын негизин ачып көрсөтүүгө тийиш. Кызыкчылыктардын кагылышы болуп автордун объективдүүлүгүнө таасир этиши мүмкүн болгон кызыкчылык же мамиле эсептелет. Эгерде мындай байланыштар болсо жана автор жазып жаткан ишке түздөн-түз тиешеси бар болсо, алар көрсөтүлүшү керек. Кызыкчылыктардын кагылышынын болушу макаланын жарыялануусуна тоскоолдук кылбайт. Эгерде авторлордо кызыкчылыктардын кагылышы жок болсо, алар муну макаланы тапшырганда так көрсөтүп, «Кызыкчылыктардын кагылышы» бөлүмүнө тиешелүү билдирүүнү киргизиши керек. Кат алышуучу автор бул саясат менен бардык авторлорду тааныштырып, макала тапшырылганда тиешелүү коммерциялык жана башка байланыштарды ачык көрсөтүүгө милдеттүү. Эгерде макала тапшырылган учурда же кароо процессинде кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө жетиштүү маалымат берилбесе, бул кол жазма четке кагылышы мүмкүн. Эгерде кызыкчылыктардын кагылышы жок болсо, анда «Жок» деп көрсөтүлүшү керек.


Пайдаланылган булактар тизмеси

Тексттеги шилтемелер тегерек кашаалардын ичинде «()» көрсөтүлүшү керек, мисалы: (Ingels, 2024). Эгерде шилтеме саптын ичинде көрсөтүлүшү керек болсо, анда жылы «(  )» ичинде берилет, мисалы: «B. Ingels (2024) өз ишинде белгилегендей…».

Мындай учурда тексттеги авторлордун фамилиялары жана жылдары колдонулган булактар тизмесиндеги маалыматтар менен так дал келиши керек. Бир цитата алууда үчтөн ашык булакты көрсөтүүгө жол берилбейт. Бир эле автордун экиден ашык эмгегин колдонууга болбойт. Ошондой эле бир журналдагы же жыйнактагы макалалардан экиден ашык эмгекти колдонууга жол берилбейт.

Колдонулган булактар тизмеси англис тилинде берилиши керек (транслитерацияга жол берилбейт) жана булактар алфавиттик тартипте APA 6th Referencing Style (2010) боюнча көрсөтүлөт.

 

МАКАЛАНЫН АТАЛЫШЫ

 

ҮЛГҮ КАТАРЫ АДАБИЯТТАР ТИЗМЕСИН ТАРИЗДӨӨ