Архитектура. Курулуш
Башкы бет
«Архитектура. Курулуш» – бул архитектура, курулуш жана шаардык чөйрөгө байланыштуу актуалдуу маселелерди изилдөө жана талдоого платформа аянтча катары кызмат кылган, ачык окууга боло турган, рецензиялануучу илимий журнал. Журнал ар кайсы өлкөлөрдүн авторлорунун оригиналдуу изилдөө макалаларын, обзорлорду, теориялык макалаларды жана техникалык кол жазмаларды жарыялайт. Журналдын максаты — архитектуралык дизайн, шаар куруу, курулуш инженериясы жана инновациялык технологиялар жаатындагы изилдөөлөрдү жарыялоо. Бул басылма долбоорлоо, шаардык пландоо жана курулуш башкаруу тармактарындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо жана чечүү жолдорун издөө үчүн архитекторлорду, инженерлерди жана изилдөөчүлөрдү бириктирет. Толугураак маалыматты Максаттар жана маселелер бөлүмүнөн тапсаңыз болот.
Журналдын негиздөөчүсү: И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
Журналды чыгаруучу: И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
Басмачынын сайтындагы журналга шилтеме: «Архитектура. Курулуш»
Мамлекеттик каттоо: Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин 2023-жылдын 13-ноябрындагы №10334 Каттоо күбөлүгү
Журнал негизделген жылы: 2024
Мезгилдүүлүгү: жылына 2 жолу чыгат
Кайсы тилде чыгат: англис тилинде
Башкы редактор: Акымбек Абдыкалыков
Башкы редактордун орун басары: Нуржан Маданбеков
Илимий журналдын редакциялык коллегиясына Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Россиянын белгилүү окумуштуулары кирген. Редколлегиянын толук курамы тууралуу маалымат Редакциянын коллегиясы деген бөлүмдө берилген.
Бардык материалдар Creative Commons Attribution 4.0 International Public License лицензиясынын шартында жарыяланат, анда башкаларга эмгектин авторлугун жана бул журналда биринчи жарыялангандыгын эске алуу менен жарыялоого мүмкүнчүлүк берилет.
Журнал ачык жеткиликтүүлүк саясатын карманат жана илимий маалыматты эркин жайылтуу, билимди глобалдык алмашууну колдоо аркылуу жалпы коомдук прогресске көмөктөшөт. Бул журналдын маалыматы бардык колдонуучулар үчүн акысыз, эркин окууга жеткиликтүү экенин билдирет. Бул тууралуу кеңири маалымат Ачык жеткиликтүүлүк саясаты бөлүмүндө берилген. Журналдын илимий макалалары толук бойдон Архив бөлүмүндө сунушталган.